Домой Саясат Феликс Кулов: “Жаңы өкмөт башчысын тандоодо президент менен кеңешебиз”

Феликс Кулов: “Жаңы өкмөт башчысын тандоодо президент менен кеңешебиз”

2

Феликс КуловПарламенттеги көпчүлүк коалиция азырынча өкмөт башчысынын талапкерлигин карай элек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө” көпчүлүк коалициясынын лидери Феликс Кулов “АКИpress” маалымат агенттигине билдирди.

«Мыйзам боюнча өкмөт башчысы кызматтан кетсе коалиция тарайт деген норма жок. Коалиция өкмөт башчылыкка кимдир бирөөнүн талапкерлигин сунуштайт. Азыр бул боюнча эч кандай сүйлөшүүлөр жүрө элек. Менин оюмча мындай сүйлөшүүлөр дүйшөмбү күнү башталат”, – дейт ал. Ошондондой эле өкмөт башчыны тандоодо президент менен сөзсүз түрдө макулдашуу болорун билдирди.

“Сөз жок премьер-министрди тандоодо президент менен кеңешебиз. Бул кызматтык этикага негизделген нерсе. Ансыз болбойт. Коалиция кайсы бир талапкерге токтолгондо сөзсүз түрдө президент менен макулдашабыз. Өлкө башчысы менен кеңешүү бул саясаттагы жазылбаган эреже”, – дейт ал.

Ал эми Кулов буга чейин маалымат каражаттарында Тайырбек Сарпашев менен Калыкбек Султановдун өкмөт башчылыгына көрсөтүлүп жатканы тууралуу маалыматка комментарий берген жок.

“Мен азыр эч нерсе айта албаймын. Менде алдын ала талапкерди сунуштоо жана алардын атын атоо укугу жок. Эгер андай кылсам бул көрүнүш мен тараптан кеткен чекилик болуп калат. Бирок, кийинки жумада кимдин өкмөт башчылыкка бара турганы боюнча маалыматты айтабыз”, – деп белгиледи ал.

Айбат гезити №125