Домой Коом Фестивалды утурлай

Фестивалды утурлай

5

Эко Нарын логоНарын шаарында 30-майда өтө турган «ЭкоНарын» фестивалына 100дөн ашык кол өнөрчүлөр, 50гө жакын жергиликтүү ишкерлер катышат. Ошондой эле, 10го жакын боз үй тигилип, 50дөн ашык таза өндүрүлгөн азыктар көрсөтүлөт. Бул тууралуу маалымат өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан алынды, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Маалыматка ылайык, фестивалдын алкагында Нарын облусунун аймагында өндүрүлгөн экологиялык таза азыктардын, облустун бренди болгон эт азыктарынын, чарба буюмдары менен кол өнөрчүлөр өндүргөн буюмдардын, улуттук тамак-аштардын, жер-жемиштердин жарманкеси өтөт. Ошондой эле, программага улуттук бий сынагы, улуттук кийимдердин мода жумалыгы, экологияны коргоо жана аны таза кармоо максатындагы бир катар сынактар  камтылды. Андан тышкары «Тазалык» акциясы өтөт. Иш-чара элдин меймандостугун күчөтүү менен чет элдик туристтерди тартуу максатында уюштурулууда. «ЭкоНарын» фестивалы «Көчмөн» коомдук фонду тарабынан сунушталып «Исур» коомдук фондунун колдоосуна алынган. Бул долбоорду облус жетекчилиги менен шаардык мэрия колдоого алды.

Айбат гезити №130