Домой Коом Freedom House Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң алдыңкы демократиялуу өлкө деп тапты

Freedom House Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң алдыңкы демократиялуу өлкө деп тапты

3

Кыргызстан, демократияАмерикадан каржыланган бул уюм акыры Кыргызстан тууралуу чындыкты ачык айтты. Бул эл аралык уюмдун «Өткөөл мезгилдин өлкөлөрү – 2015» деп  аталган отчетунда Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен демократияны туу туткан алдыңкы өлкө катары айтылды. Ал отчетто Кыргызстан авторитардык эмес, жарым авторитардык өлкөлөрдүн катарына кириптир. Мындай категорияга Freedom Houseбиз менен кошо Армения жана Косово мамлекеттерин киргизген. Ал эми Россия, Казакстан, Тажикстан , Белоруссия, Азербайджан, Түркмөнстан, Өзбекстан өлкөлөрүн авторитардык өлкөлөргө киргизген. Демек коңшулаш өлкөлөрдүн ичинен демократиялык жолдо бараткан жападан жалгыз Кыргызстан болуп чыга келген. Эл аралык уюмдун бул отчету аркылуу Кыргызстан тууралуу чындыкка жакыныраак баа берилгенине да шүгүр деп туралы. Болбосо буга чейин өлкө ичинде жарандарыбыз сөз эркиндигине какап-чакап атышса деле болбой, бизди сөз эркиндигин чектеген өлкө катары көрсөтүүгө далалат жасап келишкен.

Айбат гезити №134