Домой Кылмыш “Фуджин” дүкөнүнүн ээсин өлтүргөн делип мурун соттолуп чыккандар шектелүүдө

“Фуджин” дүкөнүнүн ээсин өлтүргөн делип мурун соттолуп чыккандар шектелүүдө

1

1

“Фуджин” дүкөнүнүн ээси Гуан Жун Чанды өлтүргөн делип мурун соттолуп чыккандар шектелүүдө. Бул тууралуу милиция кызматкерлери билдиришти. Тартип сакчыларынын айтымында, кытайлык ишкерди өлтүргөнгө шектүү делип 3 жаран кармалган. Алар Бишкек шаардык Свердлов РИИБнын иштеп жаткан кызматкери, экинчиси орган кызматкери жана мурун соттолуп чыккан жаран. Төртүнчү шектүү жаран мурда соттолуп чыккан жана азыркы учурда издөөдө жүрөт. Жакынкы аралыкта укук коргоо органдары шектүү кылмышкерди кармайбыз деп сөз беришүүдө.

Айбат гезити