Домой Спорт Футбол боюнча АФК кубогуна катышууга Кыргызстандын курама командасынын тизмесин тактап жатышат

Футбол боюнча АФК кубогуна катышууга Кыргызстандын курама командасынын тизмесин тактап жатышат

5

Дворянков СергейФутбол боюнча Кыргызстандын курама командасын машыктыруучусу Сергей Дворянков “Кыргызстандын  курама командасына азырынча 30 футболист  талапкерлигин билдирип жатышат” деп  маалымат булактарына билдирген. “Бул 30 футболистин ичинен биз 18-23 футболист тандап алып 9-майда АФКга тизмени кетиришибиз керек. Анын ичинен  3 дарбаза коргоочу болуш  керек” дейт  Сергей Дворянков.

АФКнын Кубогуна болгон финалдык оюну Мальдив аралында 19-30 майларда болмокчу. Биздин курама команда “А” группасындагы  Мальдив аралынын, Палестиндин жана Мьяндын командаларына туш болгон. Кыргызстандын негизги курама командага талапкерлердин тизмеси:

Дарбаза коргоочулар  Матяш  Павел, Волков  Владислав (экөө тең  «Дордой»),  Кашуба Валерий («Алай»), Амиров Руслан («Гефест», Казахстан)

Коргоочулар:  Аскаров Даврон, Абитов Фарух, Таго Даниэль (баары  «Дордой»), Тахир Авчиев, Владимир Касьян (экөө тең  «Абдыш-Ата»);  Шерзод Шакиров («Алай»);  Артур Муладжанов («Алга»);  Арий Элайджа (эч бир клубда ойнобойт), Валерий Кичин («Уфа», Россия);

Жарым коргоочулар: Азамат Байматов («Дордой»), Азиз Сыдыков, Кайрат Жыргалбек уулу, Хуршит Лутфуллаев (баары  «Абдыш-Ата»),  Аброр Кыдыралиев («Алдиер»),  Нурбек Жолдошев, Муролим Ахмедов,  Ильдар Амиров (баары «Алай»); Мака Коум Клод (эч бир клубда ойнобойт); Анатолий  Власичев («Окжетпес», Казахстан);  Ахлетдин Исраилов («Динамо», Украина);  Вадим Харченко («Тавшанлы Линиитспор», Турция);

Айбат гезити №74