Домой Спорт Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков ээлеген кызматынан бошотулду

Футбол боюнча Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков ээлеген кызматынан бошотулду

1

Сергей ДворянковФутбол боюнча АФКнын Чакырык Кубогунда ийгиликсиз оюн көрсөткөн соң Кыргызстан курама командасынын башкы машыктыруучусу Сергей Дворянков ээлеген кызматынан бошотулду. “С.Дворянков 2012-жылдын декабрь айынан тарта курама команданы машыктырып келген. Келишим боюнча ал курама команданы АФКнын Чакырык Кубогуна алып барып келмек. Жакын арада анын ишине тиешелүү баа берилет”,- деп билдирди 28-майда КРнын Футбол федерациясынын кызматкери Канат Асенов .

Кошумчалай кетсек, курама команданы машыктырганга чейин бишкектик “Дордой” футболдук клубу менен иштешкен Сергей Дворянков аталган клубдагы ээлеген кызматынан өткөн жылы бошотулган.

Айбат гезити №80