Домой Шоубизз Гүлнур Сатылганова Кытайлык кыргыздарга концерт берип келди

Гүлнур Сатылганова Кытайлык кыргыздарга концерт берип келди

14

Гульнур Сатылганова22-сентябрда  кыргыз ырчыларынын «ханышасы» Гүлнур Сатылганова Кытай жергесинде жашаган кыргыз журтуна барып,  өзүнүн өнөрүн  дагы бир жолу тартуулап ал жактагы туугандарды сүйүнтүп кайтты. “Саламатсыңбы Кыргызстаным, Кыргыз элим жана бардык достор! Кечээ Улуу Кытай жергесинен учуп келдим абдан чарчап, сагынып. Концерт берип бүт кыргыз эли жашаган жерлерди кыдырып, кубандырып келдик, эң акыркы концертибиз Үрүмчү шаарында болду. Телеге тартылды, буйруса ошол жандуу концертибизди жакын арада көрүп каласыздар. Дагы бир жакшы нерсе биз Акчий деген жерден Улуу атабыз Жусуп Мамайдын батасын алып келдик. Негизинен ошол жактагы Кыргыз элине чоң ыраазычылык билдирем, 15 күн бою аябай коноктошуп мени көкөлөтүп алып жүрүшүтү, аларда сакталып калган намыскөйлүк, адамгерчилик, кең пейилдик, кичипейилдик айкөлдүктөрү абдан таң  калтырды, Рахмат Кыргыз элиме!”- дейт Гүлнур айым.

Айбат гезити №47