Домой Маек Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Эл артисти: “Энелер күнүн кубануу менен майрамдайбыз”

Гүлшайыр Садыбакасова, Кыргыз Эл артисти: “Энелер күнүн кубануу менен майрамдайбыз”

11

Гүлшайыр Садыбакасова– Гүйлшайыр эже, ушул айдын акыркы жекшембисинде Кыргызстанда Энелер күнү белгиленгени турат. Бул майрамды кандай тосойун деп жатасыз?

– Чынын айтканда президент Алмазбек Шаршеновичтин демилгеси менен белгиленип жаткан бул майрамды кубануу менен майрамдайбыз. Буга чейин апам тирүү кезинде дал ушул майрамда өзгөчө сый көрсөтчү элек. Дастаркон жайып, төргө отургузуп, белек берип дегендей. Негизи эле энелерди майрамдатуу, аларды сыйлоо өтө жакшы иш.

– Бул жылы да аталган майрам өзгөчө шаң менен өткөнү турат. А.Атамбаевдин жеке демилгеси менен Орусиянын белгилүү жылдыздары концерт тартуулайт экен. Мындай аракет менен түгөнбөгөн түйшүктүү айымдардын бир аз да көңүлүн алып коюуга болобу?

– Мен Ошто жашагандыктан бул окуядан кабарым жок экен. Бирок, президент демилгелеген бул иш-чараны жогорку деңгээлде өткөрүү керек. Анткени, Москвадан өнөр адамдары келгенден кийин катардагы эле концерттердей болуп калбашы зарыл. Ал үчүн уюштуруучулар жакшы сценарийлерди ойлоп таап, энелердин көңүлүнө жага турган тамаша тартууласа.

Айбат гезити №128