Домой Коом Ичкен кудугуна түкүргөн Исаев…

Ичкен кудугуна түкүргөн Исаев…

60

“Кыргызстан” партиясында таасир талаштан чыккан ички ыйкы-тыйкы күн санап күчөп жатат. Ириң толуп, жарылганы калды. Буга Канат Исаевдин партияга жеке өзү ээлик кылгысы келип, Шаршенбек Абдыкеримовду четке сүрүп жатканы негиз түзүүдө. Шакинин артынан “адам” болгон Исаев, эми “кутурган ит ээсин кабат” болуп, ээсине тиш салууда.
Абдыкеримов Исаевдин “иттигинен” улам, парламент тараар алдында аргасыз мандат алып, депутат болуп келип партия ичиндеги Исаевдин иритме интригаларын тазалоого киришти.
Сыягы, жүргөн жерине чөп чыкпаган Исаев “Кыргызстан” партиясынын ыркын кетирип, далайларды араздаштыра турган болуп калды…