Домой Экономика Игорь Шестаков, эксперт: “Кыргызстанды көз каранды кылуу максатында”

Игорь Шестаков, эксперт: “Кыргызстанды көз каранды кылуу максатында”

4

Игорь ШестаковБүткүл дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду тарифтердин көтөрүлүшүн талап кылууда

«Кыргызстан бир гана күчтүү президенттик институтта күчтүү мамлекет боло алат» деп билдирди бүгүн борбор шаарыбыздагы маалымат агенттиктеринин биринде өткөн «Украина сценарийи Кыргызстанда кайталанышы мүмкүнбү?» деген темадагы тегерек столдо эксперт Игорь Шестаков.

Анын айтымында партиялар жакынкы 20 жыл ичинде саясый процесстеги күчтүү негиз болуп бере албайт. Себеби алар өтө алсыз. «Эгерде украина окуялары Кыргызстанда кайталанабы деген суроо болсо, анда революция түйүндүк долбоорлордун аракети жүрүп аткан кандай гана мамлекетте болбосун болушу мүмкүн деп айтат элем. Болгону ошол долбоорлорду жүргүзүп жаткан мамлекеттерде гана болбойт. Мунун Кыргызстанга кандай тиешеси болушу мүмкүн? Маселен, тарифтердин көтөрүлүшүн батыштын Бүткүл дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду өңдүү уюмдары талап кылууда. Алар Кыргызстан чет мамлекеттердин жардамын алгысы келсе, анда тарифти көтөрүшүн талап кылышты» дейт Игорь Шестаков.  «Украина бүгүнкү күндө толугу менен эл аралык финансылык жардамдарга муктаж» деп кошумчалады ал.

Айбат гезити №98