Домой Коом “Интербилим” Эл Аралык Борбору “Ийгиликтин паспорту” эл аралык окуу программасына акы төлөп...

“Интербилим” Эл Аралык Борбору “Ийгиликтин паспорту” эл аралык окуу программасына акы төлөп окутууга кабыл алууну жарыялайт.

13

Уникалдуу программа 14-төн 21 жашка чейин жаш балдарга турмушта жана ишке орношууда  керек болуучу көндүмдөрдү алууга, профессионалдык өсүүгө мүмкүнчүлүк берет.

Ийгиликтин паспорту

 

Программа жаштарга төмөндөгү көндүмдөрдү үйрөнүүгө жардам берет:

• Эмоцияларды башкара билүү

• Позитивдүү көз караш

• Өзүнө болгон ишенимди өнүктүрүү

• Башкаларды таарынтпастан, макул эместикти билдирүү

• Чыр-чатактуу жагдайларды тынчтык жолу менен чечүү

• Стрессти башкара билүү

• Келечекти пландаштыруу

• Убакытты сарамжалдуу пайдалана билүү

• Келечектеги кесипти туура тандап алуу жана анын артыкчылыктарын аныктоо

• Акча каражатын башкаруу

• Социалдык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу

 

Окуу акысы  – 2500с. эки айга

Окуу убактысы – 2 ай, жумасына 4 жолу 1,5 сааттан

Программанын толук акысы – 2500с.

Толук маалыматты  0 (312) 45-64-10, 45-64-20 телефондорунан, interbilim@gmail.com электрондук даректен ала аласыздар.