Домой Коом Интернет колдонуучулар Союзбек Надырбековду кызматка сунуштап жатышат

Интернет колдонуучулар Союзбек Надырбековду кызматка сунуштап жатышат

33

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттиктик агенттигинин орун басарлыгына жаштар Союзбек Надырбековду сунуш кылып жатышат.

View this post on Instagram

@soiuzbek.nadyrbekov байкеден көп нерсе үйрөндүк. Өтө билимдүү, жөнөкөй, кандай гана жумуш болбосун майын чыгара аткарган мыкты инсан. Командада сый-урматтуу лидер✊ Мен мындай инсандар мамлекетке пайдасын тийгизип, өнүгүп -өсүүсүнө салым кошсо дейм. Мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн азыркы учурда тажырыйбалуу жаштар аба менен суудай керек😊 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин орун басарлыгына @soiuzbek.nadyrbekov сунуштайт элем🤗🤗

A post shared by 에리카임 압디발리바 (@erkaiymabdibalieva) on

View this post on Instagram

Достор, менде да жакшы сунуш бар. Азыр көпчүлүк мыкты менеджер, уюштургуч, таза жана татыктуу деп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүно караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин орун басарлыгына Союзбек Надырбековду сунуштап атат. Мен да колдойм! Татыктууну татыктуу деп эле айтыш керек. Союзбек Надырбеков мамлекеттик канчалаган ири долбоорлорду ишке ашырды. Бирок бир дагы жолу бийлик же мансап деп чуркаган эмес. Бул жолу ушундай адамга мүмкүнчүлүк берели. Колдойлу! 🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬🇰🇬 _________________ЛИДЕР_________________ @soiuzbek.nadyrbekov @adilet_kadyrov_ @leader_club_official @leader_club_talas

A post shared by Аиза… (@aiza_kadyrbek_kyzy) on

Союзбек Надырбеков 1990-жылы Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда төрөлүп, ошол жерде балалыгы өткөн. Өзү жаш болсо дагы көпчүлүк тармактарда эмгектенип, тажрыйба топтогонго жетишкен. Үч тилде эркин сүйлөйт (корей, түрк, орус, англис).

СЫЙЛЫКТАР ЖАНА ЖЕТИШКЕНДИКТЕР:

∙ Мамлекетке атайын кызмат көрсөткөндүгү үчүн Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Ардак грамотасы (2018)

∙ “Жаштар саясатын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн” номинациясы боюнча Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик сыйлыктын дипломанты (2018)

∙ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы (2013)

Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин Ардак грамотасы (2013) ∙ Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы (2019)

∙ Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ардак грамотасы (2016)

-Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү (2016)

-Жаштарды патриоттукка тарбиялагандыгы үчүн “Баткен жоокерлеринин ардагерлер бирлигинин” медалы (2014).

-“Бишкек шаарынын жазы” студенттер фестивалынын лауреаты (2011, 2012, 2013)∙ Дүйнөлүк көчмөндөр оюну II уюштурууга кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Ыраазычылык каты (2016)

-Кыргыз Республикасынын Президентинин III ДКОну уюштурууга кошкон салымы үчүн (2018) ТҮРКСОЙ “уюмунун салымы үчүн

-“Ош – түрк элдеринин маданий борбору” эл аралык иш-чарасы (2019) ∙ Япониянын “One Asia Foundation Scholarship” программасынын стипендиясынын ээси (2012).

  1. Ал эми спорт тармагында жетишкендиктери: ∙ Футбол – 1 категория. Өзгөн районунун жаштар курама командасы (2006-2008), БГУ командасы (2009-2012)∙ Таэквондо WTF – Кара кур, 1-Дан.