Домой Саясат Инвестицияларды коргоо боюнча БАЭ менен макулдашуу долбоорун колдошту

Инвестицияларды коргоо боюнча БАЭ менен макулдашуу долбоорун колдошту

4

К. Самаков

Бүгүн, 4-июнда, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча парламенттик комитеттин жыйынында депутаттар Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) эки мамлекеттин ортосундагы инвестицияларды колдоо жана коргоо боюнча макулдашуу долбоорун колдошту.

 

“27 өлкө менен болгон мындай макулдашууларга кол коюлган. Биз БАЭ менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин, жогорудагы макулдашууга кол коюлган”, – деп экономика министринин орун басары Санжар Муканбетов билдирди. Комитеттин төрагасы – атамекенчи Карганбек Самаков – депутаттар макулдашууну колдоого даяр экенин белгиледи. “Чет жерлердеги КРдин айрым элчиликтерин тартипке келтириши керек. Кээ бир консул менен элчилерди алмаштыруу зарыл. Инвестиция тартып келе албаган дипломаттардын бизге эмне кереги бар? Начар дипломаттарды да алмаштыруу керек”, – деди Самаков.

 

Депутаттар макулдашуу долбоорун колдошту.