Домой Кызыктар дүйнөсү iPhone үлгүсүндөгү 146 даана телефонду урдап бараткан киши кармалды

iPhone үлгүсүндөгү 146 даана телефонду урдап бараткан киши кармалды

3

ууруДүйнө жүзүнө таанымал болгон жана ар бир өлкөдө өзүнүн көркү менен суктандырган iPhone  үлгүсүндөгү телефонду кимдер гана көтөргүсү келбейт.  Аябай  берилүү менен кызыккан кишилер iPhone үлгүсүндөгү телефонго  жетиш үчүн ар кандай ыкманы колдонушат. Жада калса мамлекеттик мыйзамды бузуу аркылуу да жеткендер да аз эмес экен. Анын бири болуп саналган биздин кошуна өлкөбүз Кытай мамлекетинин жараны өзүнүн денесине 94 телефонду катып бара жаткан жеринен кармалып телефон урдоо боюнча рекорд койгон. Бул рекорддук көрсөткүчтү жаңылаган  анын жердеши, дагы бир Кытайлык жаран Шэньчжэн бажы пунктунан кармалган. Ал денесине 146 телефонду катып бараткан жеринен колго түшкөн. 126 телефонду белине, ал эми 20 телефонду бутуна таңып алып Шэньчжэн бажы пунктунан кетип бара жаткан жеринен кармап алышкан.

Рахатбек Рысалиев

Айбат гезити №120