Домой Дүйнө кабары Иракта эки журналист өлтүрүлдү

Иракта эки журналист өлтүрүлдү

7

фото аппаратИрактык “Аш-Шаркия” телеканалынын эки кызматкерин Багдаддан 400 чакырым аралыктагы Мосул шаарында атып кетишти. Маалыматты ИТАР-ТАСС таратты.

“Кабарчы Мухаммед Керим менен оператор Мухаммед аль-Бедранини Мосулдун борбордук райондорунун бири Эс-Сиражда атып кетишти”,-деп билдирди телеканал. “Аш-Шаркиянын” маалыматын полиция кызматкерлери да тастыктады.

Азырынча, буга эч ким жоопкерчилик ала элек жана эмне үчүн журналисттерди курмандыкка чалганы да белгисиз бойдон калууда.

Шаарда ушул эле күнү полициянын көзөмөл өткөрүү пунктунда атышуулар болуп кетип, бир жай киши жана эки тартип кызматкери да окко учкан.

Эске сала кетсек, өткөн ай Ирак үчүн кандуу мезгилдердин бири болуп калды: өлкөдө атышуулардын курмандыгы 979 кишиге чамалап, 2 миңге жакын киши жаракат алган.

Айбат гезити №49