Домой Коом Иса Өмүркулов: Бак-дарактарды зыянкечтерден дарылоо үчүн бөлүнгөн каражат жетишсиз

Иса Өмүркулов: Бак-дарактарды зыянкечтерден дарылоо үчүн бөлүнгөн каражат жетишсиз

3

иса омуркулов“Шаардагы бак-дарактарды дарылоого 15 млн сом бөлүнгөн, бул каражат аздык кылат”. Мындай пикирин бүгүн, 27-августта калаа башчысы Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, шаардагы бак-дарактар тегиз дарыланып бүткөн.

“Техника жете албаган айрым тилкелерде гана дарыланбаган бактар калышы мүмкүн. Адистердин айтымында, дарылоо өз натыйжасын берүүдө”,- дейт шаар башчысы.

Ошону менен бирге Өмүркулов, зыянкечтерди толугу менен жок кылдык деп айтуудан алыс экендигин билдирет.

“Бул багытта комплекстүү иш-чараларды аткаруу зарыл. Шаардагы бак-дарактарды дарылоо менен гана чектелбестен, Чүй облусунда да дарылоо иштерин жүргүзүү маанилүү “,- дейт Өмүркулов.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229605