Домой Саясат Ж.Бакиев баш болуп бир гана агамды эмес, Р.Шаботоев, Р.Санатбаев, Ү.Кудайбергенов, Б.Эркинбаевди өлтүрүшкөн,...

Ж.Бакиев баш болуп бир гана агамды эмес, Р.Шаботоев, Р.Санатбаев, Ү.Кудайбергенов, Б.Эркинбаевди өлтүрүшкөн, – М.Садыркуловдун иниси

3

Медет Садыркулов

Сот кайрадан башталды. Себеби, күнөөлүү тарап дагы, биз дагы сот кайра каралсын деп аппелация бергенбиз, дейт маркум Медет Садыркуловдун иниси Болот Садыркулов «Фабула» гезитинин 9-июлдагы санына берген маегинде.

Анын айтымында, чындыгында сот алгач туура эмес чечим чыгарып койгон. Азыркы карап жаткан сот деле туура чечим чыгараарына көз жетпейт. Эптеп эле ишти будамайлап, жаап салгысы келүүдө. Тактап айтканда күнөөлүүлөрдү күнөөсүз кылып актап. Азыркы күнөөлүү деп табылып, камакта отургандар, ошол эле алардын башчысы Жаныш Бакиев баш болуп бир гана Медет агамды эмес, алар Руслан Шаботоев, Раатбек Санатбаев, Үсөн Кудайбергенов, Баяман Эркинбаев баардыгын өлтүрүшкөн да. Анан аларды сот кантип актап чыгат.

«Деги бизде мыйзамдуулук качан орнойт, президентибиз Алмазбек Шаршенович реформаны соттордон баштоо керек экендигин жакшы эле айтып баштабады беле, анан эмнеге соттор тазаланбай жатат, түшүнүксүз?», – дейт Б.Садыркулов.

Булак : «Фабула»