Домой Негизги Ж.Оторбаев: “Жөндөмсүз жергиликтүү администрациянын жетекчилери кызматтан бошотулат”

Ж.Оторбаев: “Жөндөмсүз жергиликтүү администрациянын жетекчилери кызматтан бошотулат”

4

Оторбаев ЖоомартПремьер-министр Жоомарт Оторбаевдин катышуусу менен 4-апрель күнү Талас облусунун Бакай-Ата районунда орун алган окуяга анализ жасоого, ошондой эле, мындан ары ушул сыяктуу окуялардын кайталанышын алдын алууга арналган жыйын болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Ж.Оторбаев маалымдагандай, 4-апрель күнү жергиликтүү тургундар Тараз-Талас-Суусамыр жолун тозуп алып, «Шыралжын» кенинде иштин токтотулушун талап кылган окуяга жол берип, ишиндеги жетишсиздиктери үчүн бүгүн, Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчиси-аким кызматынан бошотулду.

«Бакай-Ата районундагы сыяктуу окуяларга жол берген жергиликтүү администрациянын жетекчилери тез арада ээлеген кызматынан бошотулат. Талас облусунда болгон окуя жергиликтүү бийликтин кырдаалды көзөмөлгө алуудагы жөндөмсүздүгүн эле эмес, белгилүү болгон акция жөнүндө өз убагында маалымат бере албагандыгында», – деди Ж.Оторбаев.

Анын айтымында, погончон адамдарга карата жасалган сый эмес мамиле жолго коюлгус. «Мыйзамды бузган күнөөлүлөрдүн бардыгы жоопкерчиликке тартылат. Компетенттүү органдар окуяны иликтөө менен алактенүүдө жана прокурорлорго кылмыш иши козголду», – деп билдирди Ж.Оторбаев. Мамлекеттик геология жана минералдык ресурстар агенттигинин комиссиясы «Шыралжын» аянтындагы «Алтын Кумуштак Майнинг» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүн токтотууну сунуштаган болчу.

Дамир ЭСЕНГУЛОВ

Айбат гезити №73