Домой Экономика Ж.Сатыбалдиев: «Акыркы жылдары салык төлөмдөр жыл сайын 20%га өсүүдө»

Ж.Сатыбалдиев: «Акыркы жылдары салык төлөмдөр жыл сайын 20%га өсүүдө»

5

жанторо сатыбалдиевАкыркы жылдары салык төлөмдөр жыл сайын 20%га өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-августта 2014-жылга бюджеттин долбоору боюнча бюджеттик угууларда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди.

“Биз негизинен тартылган каражаттардын эсеби менен жашап жатабыз. Алар жок болсо, эмне кылат элек?” – деди ал.

Премьер-министрдин маалыматы боюнча 7 айдын жыйынтыгы боюнча салыктар былтыркы жылга салыштырмалуу 7 млрд сомго көп чогултулган, бирок чыгашалар ошол эле темп менен көбөйүүдө.

“Бул каражаттардын бардыгы социалдык секторду колдоого жумшалды. Ал эми бюджетти өнүктүрүү үчүн жумшоого бизде каражат жок. Биз каражатты алганга караганда көп сарптайбыз. КРнын бюджети социалдык тармакка багыттоо боюнча калууда”-деди ал.