Домой Экономика Ж.Сатыбалдиев: Кумтөр боюнча тараптар позицияларын жөндүү жакындатууга аракет кылышат

Ж.Сатыбалдиев: Кумтөр боюнча тараптар позицияларын жөндүү жакындатууга аракет кылышат

4

b2cbd4d852179af42c193a0c7f52f6efКечээ, 19-августта премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин жана «Кыргызалтын» ААК тарабынан жалданган эл аралык «DLA Piper UK», «Pricewaterhouse Coopers» жана «AMEC Earth & Environmental UK Ltd» консультанттардын өкүлдөрү, ошондой эле, «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти Ян Аткинсон жана башкы юридикалык кеңешчи Френк Херберттин катышуусунда «Кумтөр» долбоору боюнча жумушчу консультациялар башталды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар эл аралык «DLA Piper UK» жана «Pricewaterhouse Coopers» консультанттары «Centerra Gold Inc.» компаниясынын каржылык консультанты «Cormark Securities» компаниясы менен биргелешкен иштери тууралуу маалыматтарды талкуулашты.

Концультациялардын максаты – «Кумтөр» долбоорун түзүмүн өзгөртүү шарттары боюнча тараптардын көз караш, пикирлерин жакындатуу.