Домой Коом Жалал-Абад, Баткен, Ош бажылары Түштүк-Батыш бажысы болуп бирикти

Жалал-Абад, Баткен, Ош бажылары Түштүк-Батыш бажысы болуп бирикти

0

кыргыз бажысыКыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы N 342 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын бажы кызматын 2011-2013-жылдарга карата өнүктүрүү Стратегиясынын алкагында Жалал-Абад, Баткен, Ош бажылары Түштүк-Батыш бажысы болуп бирикти, деп билдирет Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы.

“Мындай иш-чаралар 2011-жылы Чүй дубанында өткөрүлгөн, анда 5 бажы органдарын Борбордук бажы кылып, Нарын, Ысык-Көл бажылары Чыгыш бажысы болуп бириктирилген. Борбордоштуруу, бизге көп жакшы натыйжаларды берди, алардын бири – башкаруунун жеңилдиги жана чечимдерди кабыл алууда ыкчамдуулук, ” – деп билдирди бажы кызматынын төрагасы А.Жунусов.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229783