Домой Коом Жалал-Абад ОИИБ милиция кызматкерлеринин түйшүктүү кесиби тууралуу ЖМКлар арасында сынак жарыялады

Жалал-Абад ОИИБ милиция кызматкерлеринин түйшүктүү кесиби тууралуу ЖМКлар арасында сынак жарыялады

0

Милиция

Жалал-Абад ОИИБ «Мекеним менин – Кыргызстан!» аттуу алдын алуу иш-чараларынын негизинде, жалпы массалык маалымат каражаттары арасында сынак жарыялады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, конкурсту уюштуруунун негизги максаты – коомдогу терс көрүнүштөрдү эле чагылдыра бербей, жакшы жактарды да чагылдыруу. «Айрыкча, акыркы жылдары ЖМКларда сын-пикирлерге, терс көрүнүштөргө жана саясатка басым жасалып жатат. Бир адамдын, эмгек жамааттын жана бүтүндөй коомдун терс жактарын көрүп, сын-пикирге алуу көп деле эмгекти талап кылбайт. Бирок, күндөн күнгө мамлекет өсүп-өнүгүп, алдыга жылып жаткандыктан, жакшы алгылыктуу иштерге дагы орун бар. Мындай иштер ар кимдин колунан келе бербейт», – дейт алар. Маалыматта белгиленгендей, милиция тармагында деле коомдо башка тармактар сыяктуу кемчиликтери менен бирге, жакшы жактары арбын. Ошол максат менен коомчулукка милиция жөнүндө ой-пикирлерди алуу, милиция кызматкерлеринин түйшүктүү кесибин жана жоопкерчилигин элге жеткирүү, жаштар менен дайыма тыгыз байланышта болуп, элибиздин арасында милициянын баркын көтөрүү – бул азыркы милиция тармагын реформалоонун дагы бир баскычы болуп эсептелет. Сынактын жеңүүчүлөрү комиссия тарабынан аныкталып, ушул жылдын 1-ноябры – «Милиция кызматкерлеринин күнүндө» сыйлыктар тапшырылат. Сынакка ЖМК өкүлдөрүнөн тышкары, студенттер, орто мектептердин окуучулары да катыша алышат. Жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылат.

Айбат гезити