Домой Коом Жалал-Абадда жарым жылда 13 миң 353 ымыркай жарык дүйнөгө келген

Жалал-Абадда жарым жылда 13 миң 353 ымыркай жарык дүйнөгө келген

13

ребёнакЖалал-Абад областында үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айында 13 миң 353 ымыркай төрөлүп, 1 жашка чейинки 235 ымыркайдын өлүмү катталган. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгү маалымдады.

Алынган маалыматка караганда, жарым жылда бир жашка чейинки ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчү 17,7 түздү, же былтыркы жылдагы 20,3 салыштырмалуу азайган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын жарым жылында 6 эненин өлүмү катталып, энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 45,3 пайызды түздү.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/228100