Домой Коом Жалал-Абадда жоголгон 3 жашар бала 1 күн өткөн соң жайыттан табылды

Жалал-Абадда жоголгон 3 жашар бала 1 күн өткөн соң жайыттан табылды

2

1 Үстүбүздөгү жылы 11-ноябрь күнү Жалал-Абад облусундагы Таш-Көмүр шаарына жакына Сары-Камыш айылында саат 11:00 чамасында 3 жаштагы бала дайынсыз жоголуп, бир сутка өткөн соң табылды. Бул тууралуу ИИМнин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, баланын жоголгондугу тууралуу анын атасынан арыз келип түшкөн. Баланы издөө иштерине Ноокен РИИБынын жеке курамы, өспүрүмдөр менен иш алып баруучу аймактык тескөөчүлөр тартылган. Жоголгон 3 жаштагы бала 12-ноябрь күнү саат 18:00дө айылдан 10 км алыстыктагы жайыттан табылган. Аталган бала арчанын түбүндө уктап калган. 13-ноябрь күнү баланы ата-энесине тапшырышты. Учурда баланын ден-соолугу канааттандырарлык. Бала дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Айбат гезити №53