Домой Видео Жанар Акаев флешмобко кошулду

Жанар Акаев флешмобко кошулду

10

Жанар АкаевӨткөн жуманын этегинде биз, Айбат – коомдук-саясий гезитин коллетиви, дүйнөдө жүрүп жаткан кайрымдуулук Ice Bucket Challenge флешмобун колдоп, Тербишалиев Даниярды, Жанар Акаевди, Жеңиш Молдокматовду жана ырчы Омарды бул кайрымдуулук флешмобуна кошулууга чакырганбыз.

Кече 24-август күнү Жанар Акаев видеосун интернет булактарына салды. Чуңкурчакта тартылган видеодо келинчеги бир чака сууну Жанар мырзанын башынан ылдый, шашпа-а-ай куйду го чиркин!
Жанар мырза эстафетаны депутат Равшан Жээнбековго, ырчы Мирбек Атабеков жана Юля Руцкаяга арнады.