Домой Экономика Жантөрө Сатыбалдиев: “Манас” аэропортунда жарандык учуулар 30%га көбөйдү

Жантөрө Сатыбалдиев: “Манас” аэропортунда жарандык учуулар 30%га көбөйдү

1

аэрапорт“Манас” аэропортунда өткөн жылга салыштырмалуу жарандык учуулардын көлөмү 30%га көбөйсө, аскердик учуулар 20%га азайган. Бул тууралуу премьер-министр “Эркин-Тоо” гезитинин редакциясында калк менен болгон түз байланыш учурунда билдирди.

Анын айтымында, келчекте “Манас” аэропортундагы жарандык хабды арзан авиокересин менен камсыздоо үчүн өкмөт инвесторлор менен сүйлөшүү жүргүзүп атат.

“Манас” аэропортундагы АКШ транзиттик жүк ташуу борборунан тийиштүү пайда түшчү, бирок НАТО күчтөрү чыгып кеткенден кийин анын ордун толтуруу керек. Ушундан улам Орусиянын, АКШнын жана Түркиянын инвесторлору менен сүйлөшүү жүрүүдө. ТЖБны жарандык хаб кылуу үчүн “Манас” аэропорту эл аралык стандарттарга туура келиш керек – арзан авиакеросин жана тейлөөсү болушу зарыл. Кырызстан аэропортту арзан авиокересин менен камсыздай албайт, андыктан бизге инвесторлордун жардамы керек”,-деди өкмөт башчы.