Домой Коом Жантөрө Сатыбалдиев: “Улуттук долбоорлорду жүзөгө ашырууга 10 млрддан ашык каражат керектелет”

Жантөрө Сатыбалдиев: “Улуттук долбоорлорду жүзөгө ашырууга 10 млрддан ашык каражат керектелет”

5

сатыбалдиев“Кыргызстандын бир топ тармактары каржылык колдоого муктаж. Муктаждыктарды чечүү максатында 76 обьектен турган улуттук долбоорлор иштелип чыкты. Өкмөт учурда бул долбоорлорду ишке ашырууга каржы булактарын издеп жатат”, – деп билдирди премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Бишкектеги донорлор конференциясында.

“Улуттук долбоорлорду жүзөгө ашырууга 10 млрд доллардан кем эмес каражат керектелет. Каржы булактары 5 млрд өлчөмүндө белгиленген. Бизге бул жаатта чоң жардамды донорлор биримдиги берет. Өкмөттүн атынан мен донорлого кайрылат элем, сунушталган улуттук долбоорлорду кылдаттык менен карап чыксаңыздар”, – деди Ж. Сатыбалдиев.

Ошондой эле премьер-министр жардам иретинде келген каражаттарды пайдаланууда натыйжалуулук менен максаттуулук башкы нерсе экенин белгиледи. “Биз өнөктөш тарабынан көрсөтүлгөн жардамды натыйжалуу иштетүүнүн зарылчылыгын билебиз. Кызматташтыгыбызга өкмөт чоң маани берет”, – дейт ал.

Премьер-министр: “Стратегия өлкөнүн өнүгүүсүнүн негизги багытын аныктап берген документ. Мурунку жылдардан айырмаланып, учурда улуттук стратегиялык максаттарды 5 жылдык мөөнөттө реализациялоого өкмөт иш жүргүзүп баштады. Ушул жылдын алты айында жакшы жыйынтыктарга жетиштик, бирок кыйынчылыктар да болду”, – деп кошумчалады.