Домой Шоубизз “Жаңы толкун – 2013” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды, Айбек элинен кечирим сурады

“Жаңы толкун – 2013” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды, Айбек элинен кечирим сурады

3

Айбек Бакытбеков

Мындан бир нече күн мурун гана старт алып, Азия жана Европа континенттерин толкундаткан Жаңы толкун-2013 Эл Аралык жаштар сынагы соңуна келип, өз жеңүүчүлөрүн аныктады! Бул сынак кызыктарга бай болуп, көрүүчүлөрдүн жана калыстар тобунун эсинде көпкө калаары шексиз. Сынактын эң маанилүү жана жыйынтыктоочу 3-конкурсттук күнүндө жаш аткаруучулар өз өлкөлөрүнүн хит ырларын аткарышты. Таланттуу жана сүрдүү калыстар тобуна бирдиктүү чечим чыгаруу кыйын болду.  Конкурсанттар үч күндө көрсөткөн таланты мындай упайлар менен бааланып, жеңүүчүлөр аныкталды: 1-орунду конкурстун алгачкы күнүнөн эле фаворит болгон, Куба мамлекетинин аткаруучусу – Роберто Кел Торрес 358 балл менен багындырды! 2-орунга Грузия өлкөсүнүн ырчысы – Саломе Катамадзе 356 балл менен ээ болду! 3-орун –Вьетнам мамлекетин тааныштырган Винь Хуатга буйруда. Жалпы 3 конкурсттук күн ырчыга 254 балл алып келди.Кошумчалай кетчү нерсе, Кыргызстандын намысын коргогон Айбек Бакытбеков 12-орунду багындырды. Азыркы тапта массалык маалымат каражаттарында кызуу талкуу жараткан ырчынын интервьюсу үчүн аталган аткаруучу кайрадан кечирим сурады.

Айбат гезити