Домой Шоубизз «Жаңы толкун 2013» сынагынын үчүнчү күнкү жыйынтыгында А.Бакытбеков 12-орунду ээледи

«Жаңы толкун 2013» сынагынын үчүнчү күнкү жыйынтыгында А.Бакытбеков 12-орунду ээледи

6

Айбек БакытбековЮрмала шаарында өтүп жаткан «Жаңы толкун 2013» сынагында Кыргызстандын атынан барган Айбек Бакытбеков сынактын биринчи күнүндө Джорда Бэнсонанын «Nothlng s gonna change my lovefor you» деген ырын аткарып, 109 балл топтоду. Ал эми экинчи күнү украиналык белгилүү ырчы Джамалой менен «Smile» аттуу ырын ырдап, 110 балл алды.

Үчүнчү күнү болсо кыргыз тилинде «Махабатым» деген ырын аткарып, 110 упай топтоп, жалпысынан 329 упай топтоп 12-орунду ээледи.

Сынакта биринчиликти Роберт Кел Торрес багындырып алса, экинчи орунду грузиялык Саломе Катаназаде, ал эми үчүнчү орунду Вьентамдык Вин Хват жеңип алды.