Домой Маек Жаныш Кулманбетов: “Көчмөндөр оюндары” туристтик мүмкүнчүлүгүбүздү кеңейтет

Жаныш Кулманбетов: “Көчмөндөр оюндары” туристтик мүмкүнчүлүгүбүздү кеңейтет

20

Кулманбетов Жаныш– Жаныш мырза, өлкөбүздө күз айларында эл аралык деңгээлдеги «Көчмөндөр оюндары» иш-чарасы өткөнү турат. Бул иш-чаранын Кыргызстанда өтүп атканына кандай карайсыз?

– Эл аралык деңгээлдеги кандай гана иш-чара болбосун, ал эгерде Кыргызстанда өтүп жатса өлкөбүз үчүн пайда гана алып келет. Биринчиден андай иш-чаралар өлкөбүздү таанытат, экинчиден туристтик мүмкүнчүлүгүбүздү кеңейтет. Каада – салтыбызды, үрп-адаттарыбызды кеңири таанытат. Болгону ошону рационалдуу пайдалана билишибиз керек.

– Айрымдар “бул иш-чарага акча кетет, өткөрүп эмне кереги бар эле?” деген да ойлорун кыйытып келишет. Сиздин оюңуз кандай?

– Биз бүгүнкү күн менен гана жашабашыбыз керек. Эртеңки күнгө жол чабып, камын көрүшүбүз зарыл. Ал эми ошол эртеңки жолго ушундай эл аралык деңгээлдеги маданий иш-чаралар жол чабат.

Айбат гезити №90