Домой Негизги Жаныштын «кол баласына» тил бүттү

Жаныштын «кол баласына» тил бүттү

11

Максат КунакуновЭкс-президенттин уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиевдин командасында жүргөн саясатчылар баш көтөрө башташты. Мисалы, Жаныштын амири менен 2007-жылдагы парламенттик шайлоодо «Ак жол» партиясынын тизмесине кирип, депутат болгон Максат Кунакунов аттуу жаш жигиттин үч жылдан бери үнү чыкпай калган. Картон, пакет чыгарган бизнесин гүлдөтүп, Германиядан ташыган машинелерин сатып, өз арабасын кылдыратып жүрө берейин дегени го десек, бул балада өнөр көп экен. Ал көзкарандысыз гезиттердин бирине курган маегинде азыркы бийликти оңду-солду туздаптыр. Сындасын, кемчилик кетирбей, түз жүргөн ким бар дейсин. Бирок, анын жакындарынын эле: «Максат жөн эле кыйкырып чыкчу эмес. Депутат кезинде Жаныш «фас» дегенде өкмөт башчысы Данияр Үсөновдон бери асылып жатып калчу. Жаныштын буйругун аткарган «желдети» болчу» деп шыпшынганын угуп жакабызды кармадык. Бул жолу дагы Минскидеги Жаныш байкесинин буйругун аткарып, бийликке акидей асылып жатпады бекен деген ойго жетеленгенге негиз бар бекен?