Домой Кызыктар дүйнөсү Жапайы бугулар колдо багылгандарын кошо ээрчите кеткен

Жапайы бугулар колдо багылгандарын кошо ээрчите кеткен

20

Бугу

Якутияда жапайы бугулар аймактын башка жагына жер которуп баратып, өздөрү менен кошо колдо багылган бир нече совхоздордун бугуларын да кошо ээрчите кеткен.

Оленекск районунун администрациясынын өкүлүнүн айтымында, жапайы бугулар бул сапар жолун өзгөртүп, үй жаныбарлары кармалган аймактан чуркап өтүшкөн. “Беркилер чуркаса, алар менен кошо биздин 1000ге жакын бугулар кошо кетиптир”, -деп айтты ал.

Азыр кошо кеткен бугуларды тик учуктардын жардамы менен издеп жатышат. Бийлик бул иштер үчүн 1 млн рубль каражат бөлүүгө туура келген. Эгерде аларды чарбага кайра кайтара алышпаса, тиричиликтин өзөгү болгон бугучулук болуп көрбөгөндөй чыгым тартат. Маалыматты РИА Новости таратты.

Айбат гезити №53