Домой Саясат Жапаровдун кыялы – «экстерди баш коштуруубу»?

Жапаровдун кыялы – «экстерди баш коштуруубу»?

4

Жапаров СадырАлгач 16-мартта, андан кийин 31-мартта, кийинчерээк 10-апрелде «Элдик курултай» чакырмакчымын деп коомчулуктун башын маң кылган бойдон дымып калган Садыр Жапаровдун «жыгылган күрөшкө тойчудай» түрү жок. Былтыр 5-октябрда мекенинен безе качкан бойдон Минскидеги эски кожоюну Курманбек Бакиевдин жайынан жай тапкан «господин» Нургожоевич эми жаңы оппозициялык блок түзүүнү кыялданып жатыптыр. Анын планы боюнча, генерал Өмүрбек Суваналиев, Артур Медетбеков, «Мекен ынтымагынын» төбөлү Темирбек Асанбеков жана экс-«ак жолчу» депутат Бегалы Наргозуев оппозициялык кыймылдын өзөгүн түзөт экен. «Элдик курултай» өткөрмөкчүмүн деп чамынганы менен өлкөсүнө баш бага албаган Жапаровду береги «кочкорлор» ээрчибеси турган иш. Андыктан, Садыр мырзага курулай кыялданганды коюп, «жылкысына карап ышкырганды» үйрөнсө деген кеңеш бермекчибиз.

Айбат гезити №95