Домой Саясат “Жармакташмай” башталды…

“Жармакташмай” башталды…

6

Мадумаров АдаханКан досу Акматбек Келдибеков “чанып” кеткенден бери Камчыбек Ташиевдин маанайы пас. Мындан ары кимдин этегине эрмешерин билбей, аргасы куруганда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровго барыптыр: “Акебай, “баш кошолу”, саясатта бирге бололу” деп жалынып жалбарып… Бирок, Адахан Кимсанбаевич өзү бир кезде “район деңгээлиндеги лидер” деп теңине албаган Камчыкенин шагын сындырышы ыктымал. Ананчы, амбициясы аттын башындай болуп, президенттикти гана кыялданган Мадумаров “район деңгээлиндеги лидерге” саясый тагдырын байламак беле?

айбат гезити