Домой Видео Жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов ачкачылык ишин баштады

Жаш саясатчы Жеңиш Молдокматов ачкачылык ишин баштады

10

Жаш саясатчы бүгүн мөөнөтсүз  ачкачылык ишин баштаганы  Токмок шаары 3 кичи районунун 27 үйүнүн 2 батирине жөнөдү.  Убакыт боюнча саат 16;00 дө  ачкачылык ишин баштайт. Токмок шаарында өткөрүүнүн максаты, Чыңгыз Султановдун энеси менен жетим кызынын жашап жаткан үйүн Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү өз көздөрү менен көрүп, чагылдыруусу.

Жениш МолдокматовЭске сала кетсек, 6-сентябрда маалымат жыйында жаш  активист Жеңиш Молдокматов, өкмөт “Апрель революциясынын баатырларынын” бири  Чынгыз Султановдун үй бүлөсүнө 1 миллион сом жана батир бөлүп бербесе, биз 16-сентябрь күнү ШКУ саммити бүткөндөн кийин  ачкачылык жарыялайбыз деп билдирген. Анын айтуусу боюнча өкмөт “апрель революциясынын баатырларына” материалдык жардам жана батир беребиз деген убадасын аткарган жок. “Чынгыз Султановго 2010-жылы ок тийип, жарадар болгон. Ал 1 жыл 9 ай дегенде каза болгон. Анын оорусу күч алып, дарыгерлер 6 кабыргасын кесип салышкан. Бирок, каза болгондон кийин Убактылуу  өкмөттүн “бир жолу бериле турган материалдык жардам” жөнүндө Токтомун Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөт аткарбай келет. Акыркы 2 жылдан бери Ч. Султановдун жалгыз энеси  Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылып,  Өкмөттөн суранып келген. Тилекке каршы бул сураныч бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай келүүдө. Ал эми октон жабыркап шейит болгон Кыргыздын баатыры Чынгыз Султанов кургак учук оорусунан каза болгон деген бүтүм чыгарып коюшту. Чынгыз Султановдун  апасы Артыкбаева Тамара жана жалгыз кызы Токмок шаарындагы жеке ишкердин сарайында жашап келет.

Слайд3 Слайд5 Слайд8

 

Жаш саясатчы Жеңиш Молдокматовдун Басма сөз кызматы

Сурап билүү телефону: 0771-11-51-21 

Айбат