Домой Коом Жашагым келет

Жашагым келет

23

токНарын областына караштуу Ат-Башы айылынын тургуну 11-жаштагы Дуйшөнбиева Айгерим ойноп жүрүп, эшиги ачык калган трансформаторго кирип кырсыкка учураган жана анын денесинин 60% күйүп калган. Азыркы учурда врачтардын айтымында Айгеримдин абалы оор, операция кылынды алдыда дагы 3 жолу операция кылынат . Айгерим ала турган даары-дарымектердин кымбаттыгына байланыштуу, Айгерим жана анын туугандары элибиздин жардамына муктаж болуп турган учуру. Албетте Айгеримдин абалы элибизди өкүндүрбөй койбойт. DreamHigh атуу коомдук бирикмеси өз жардамын кылып “Жашагым келет” аттуу шоу концертин кыргыз эстрада жылдыздары менен биргеликте кечээ 14-июль күнү өткөрдү, өз салымдарын кошуп маалыматты колдогондор: “Лайм студио” “Орими трэйд” компания, “Замандаш-Современник” саясий  партиясы. “НТС”телеканалы, “Айбат” гезити, “Алмаз” радиосу .Концерттен түшкөн каражаттын бардыгы Дуйшөнбиева Айгеримге жардам катарында көрсөтүлөт. Кайдыгер карабастан Айгеримге жардам бере турган жарандарыбыз болсо 0779080843 номери менен байланышсаңыздар болот.