Домой Коом Жаштар менен иш алып барган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Чолпон-Ата шаарында окуу таржыйбадан...

Жаштар менен иш алып барган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү Чолпон-Ата шаарында окуу таржыйбадан өтүштү

4

1Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында 2-сентябрдан 6 сентябрга чейин өлкөнүн 7 дубанынан келген жаштар менен иш алып барган бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү арасында уюмдар коомдо иш алып баруусу жана анын коомчулук менен тыгыз кызматташуусу боюнча окуу өткөнүн аймактык кабарчы Мирбек Асаналиев кабарлады.
“Сорос-Кыргызстан” Фондусунун жаштар программасынын алкагында  “Коомчулук менен иштөө жана коомчулуктун пикирин жаратуу” темасында тажрыйба топтоо жана өз ишмердүүлүктөрүн маалымат каражаттары аркылуу, социалдык тармактар аркылуу чагылдыруу менен коомдогу бардык пикирди орчундуу жаратуу жагдайларын үйрөнүштү.
Окуу семинарды “Сорос-Кыргызстан” Фондусунун жаштар программасынын адистери өтүп, анда жаштар уюмдары, жаштар жана коомчулук менен иш алып барган коомдук фонд, демилгечи топтор өз ишмердүүлүктөрүн маалымат каражаттарына кантип жарыялаш керек, коомдук уюмдарга көзөмөл жүргүзүү жана анализдөө менен өз ишмердүүлүктөрүн коомго жарыялоо багыттарын түшүнүштү.
Ошондой эле коомдук уюмдардын өкүлдөрү бардык коомдогу болуп жаткан иш аракеттерди, жасалып жаткан иштерди баамдоону, жаштар менен тагыз кызматташууну, коомдук уюмдун ички жана тышкы иш аракеттерин баамдап ага баам берүүдөгү тажрыйбаны алмашууну үйрөнүшүүдө.

Айбат гезити