Домой Видео “Жаштар өкмөтү” теледен уят болду

“Жаштар өкмөтү” теледен уят болду

16

КунакуновКечээ “Азаттык+” телеберүүсүнө айтылуу “Жаштар өкмөтүн” түзүп алып, таскагы катуу чыккан, а бирок дүбүртү угулбай жаткан мүчөлөрү экс -“акжолчу” Максат Кунакунов жана журналист-Дайыр Орунбеков келип катышты.
Ушул берүүдөн аталган бирикменин бир да программасы жок экени, жөн гана биригип алып эле жаштарды дүрбөтүү максаттары болгону ачык-айкын билинди. Буга студияда отургандар да, экрандын ары жагындагы миллиондогон калайык-калк дагы күбө болуп, ынанды.
Анан дагы экөө отуруп алып, карандай калпты айтып жатышат. Кунакунов Бакиевдерге эч тиешеси жоктугун, Орунбеков Оштун экс-мэри Мырзакматов өкүл атасы болсо да, артыларында ал турбаганын айтып, жанды жешти. Айласыздан Иса пайгамбарды сатып кеткен Иуданы эстейсиң. Ал дагы бетинен өбүмүш болуп, Исаны душмандардын колуна салып берген. Булар дагы каратып туруп Бакиев атасы менен Мырзакматов өкүл атасын сатып атышат.
Буларга оппонент болуп чыккан жаштар “биз мындай иштерди жасап жатабыз, биз тигиндей идеяларды ишке ашыруудабыз” деп колунан келген мамлекетке жардамы жөнүндө айтып берип атышса, Дайырбек Орунбеков “мен журналистмин, менин сайтым бар, менин гезитим бар” деп мактангандан башка татыктуу жооп айта албады. “Ушул сайт аркылуу капчыктууларды мактайм, калганын поктойм, башка пайдалуу иш колуман келбейт” деп да кошуп койсо сонун болмок.
Ошентип, көрүүчүлөр экстердин кол жоолугу болгон, шаша-буша жаз алдында бийликке акарат келтирүү максатында гана түзүлө калган “Жаштар өкмөтүнө” кол шилтеп, басып кетишти.