Домой Саясат “Жашылдардын” лидери “ууруларды” колдойт

“Жашылдардын” лидери “ууруларды” колдойт

3

Эркин Бөлөкбаев“Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев “Кумтөр” компаниясынын өкүлү Дуглас Гриерден 3 млн. доллар талап кылган Эрмек Жунушбаев жана Бактияр Курмановго адвокаттык кылып жатканы маалым болду. Ал жергиликтүү агенттиктердин бири аркылуу эки “азаматты” коргоп, алар жөн жерден камалып жатканын билдирди. Өзүн оппозиция лидерлеринин бири санаган Бөлөкбаевдин “ууруларды” жактаганы эмнеден кабар берет? Же 31-майдагы Жети-Өгүз, 7-октябрда Караколдо жүз берген баш-аламандыктын уюштуруучулардын бири Азимбек Бекназаров деген кеп-сөздөр чынбы? Себеби, Азимбек Анаркулович Эркин Бөлөкбаев аркылуу абактагы эки “эргулду” күүлөп, 31-майдагы окуяны уюштурганы айтылып жүрөт. Эми ошонун акысына Бөлөкбаев адвокаттык милдетти аткарып жатканын божомолдосок жаңылышпайбызбы? Болбосо, көз көрүнөө 3 млн. долларды опузалап талап кылып жаткан Жунушбаев менен Курмановду жата калып коргогудай Бөлөкбаевге кандай күч келди?

Айбат гезити №49