Домой Коом Жээнбековдор тараткан бала бакчаларды азыркы бийлик кайра алды

Жээнбековдор тараткан бала бакчаларды азыркы бийлик кайра алды

2

Жээнбеков РавшанБашбакандын орунбасары Элвира Сариева Чүй облусундагы бала бакчалардын бирине жасаган сапарында кызык фактыны жар салды. Анын айтымында, убагында мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен 50 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылыптыр. «Башкы прокуратура бул бала бакчалардын мыйзамсыз менчиктештирилишине укуктук баа берип жатат. Кайтарылган имараттарды тезинен оңдоп-түзөп, пайдаланууга берүү өкмөттүн милдети» деди Э.Сариева.

Расмий статистикага таянсак, учурда 700гө жакын бала бакча жетишпейт. Ал эми апрель окуясынан кийин келген бийлик ит бекер менчиктештирилип кеткен бала бакчаларды, ишканаларды мамлекетке кайтарып алууга киришти. Өз мезгилинде текейден арзан сатылып же жеке колго өтүп кеткен имараттардын көпчүлүк бөлүгү учурдагы оппозиция лидери Равшан Жээнбеков мамлекеттик мүлк фондун башкарган мезгилге (2001-2004 -жылдар) туш келет. Минтип жаш жеткинчектердин ырыскысына кол салган адамдын эми минтип мамлекет, эл үчүн күйүмүш эткени адамдын кыжырын гана кайнатат экен.

 Айбат гезити №105