Домой Саясат Жеңиш Молдокматов чоңдордун чучугуна эмнеге тийгени жатат?

Жеңиш Молдокматов чоңдордун чучугуна эмнеге тийгени жатат?

5

Жениш МолдокматовЖаңыдан саясий айдыңда баш көтөрүп, калыс кеби менен таанылып келе жаткан Жеңиш Молдокматов деген азаматыбыз бар эмеспи. Бу жигит жакында ачкачылык жарыялаганы жатканы акүй менен көкүйдү аралап жүрөт. Биздин ишенимдүү булактардын берген маалыматтарына караганда, 2010-жылдагы 7-апрель окуясынан Бакиевдик режимге каршы чыгып өпкөсүнө ок жанып өтүп, жараатынан 6 кабыргасын алдырып, акыры болбогондой арыктап, кыйналып каза болгон Чыңгыз Султановго бериле турган батир жана млн. сомду бербей жүргөн өкмөткө нааразчылыгын билдирип мөөнөтсүз ачкачылык жарыялаганы жатыптыр. Ошондой эле энеси 3 жылдан бери жашай турган жайы жок болгондугуна байланыштуу Чыңгыздын жалгыз жетим кызы менен Токмок шаарындагы бир дүкөндүн, сарайынын бир бөлмөсүндө баш калкалап келет. Апасы кант диабетинин азабын тартып, эптеп күн көрүүдө. Зар какшап жашап келген баатырларына кам көрбөгөн өкмөткө нааразы болуп чыкканын уккан айрым аткаминерлер Жеңиш мырзанын бул ишинен чочулай баштады дейт. Көрсө, чоңдордун чучугуна тийе турчу такталган далилдери бар экен.

Айбат гезити