Домой Саясат Жергиликтүү кеңештин депутаттары беш айыл өкмөт башчысын шайлашат

Жергиликтүү кеңештин депутаттары беш айыл өкмөт башчысын шайлашат

2

жергиликтуу кенешБүгүн, 28-июнда өлкөнүн беш айыл округунда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын башчыларын – айыл өкмөттөрүн шайлоо өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы маалымдайт.

Шайлоолорду жана референдумдары өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын токтому менен Талас областынын Манас районунун Үч-Коргон айыл округунда, Ысык-Көл областынын Ак-Суу районундагы Челпек, Кереге-Таш, Ысык-Көл районунун Кумбел айылында, Нарын областынын Нарын районунун Миң-Булак айыл округунда шайлоо өтөт.

Айыл өкмөт башчыларын жергиликтүү кеңештин депутаттары жашыруун добуш берүү аркылуу шайлашат.