Домой Коом Жети-Өгүз районунда таза суу маселеси чоң көйгөйгө айланды

Жети-Өгүз районунда таза суу маселеси чоң көйгөйгө айланды

8

сууЖети-Өгүз районунда 40 айыл бар болсо, анын көпчүлүк тургундары таза суу ичишпейт. Алсак, Дархан, Актерек айылдары азыркы күнгө чейин сууну арыктан ташып ичишет. Ошол себептен айыл тургундарынын арасында сарык оорусуна чалдыккандар көбөйүп кеткен. Бул тууралуу Жети-Өгүз райондук мамадминистрация башчысынын орун басары Гүлсүн Чыныбаева билдирет, деп маалымдады аймактык кабарчы Замир Асаналиев.

Орун басардын айтымында, союз убагында ишке киргизилген суу чыпкалоочу, тундуруучу жайлар керектен чыгып, кароосуз калган.

Дархан айылында 20 миңге жакын калк жашайт. Ал айылдагы суу тутумун калыбына келтирүү үчүн көптөгөн каражат керек. Дегеле, райондогу таза суу маселесин чечүүгө 200 миллион сом талап кылынат. Андай акча райондо жок кайдан болот, дейт акимдин орун басары.

Булак : Баракелде