Домой Коом Жети-Өгүз районунун тургундары Кумтөрдүн аймагына кирүүгө аракет кылышты

Жети-Өгүз районунун тургундары Кумтөрдүн аймагына кирүүгө аракет кылышты

0

кумтор1Кечээ, 11-июлда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургундары Кумтөр кенинин аймагына кирип “Кумтөр оперейтинг компани” компаниясынын жетекчилерине бир катар талаптарын коюшту. Бул тууралуу “ВБ”га укук коргоо органдарындагы булактар билдирди.

Тартип сакчыларынын айтымында, кечээ, 11-июлда саат 12-00дө Саруу айылынын тургундары 8 машина менен алтын өндүрүүчү компаниянын аймагына кирүүчү жерге келип, күч менен заводдун аймагына кирүүгө аракет кылышкан. Бирок күзөт кызматы ыкчам аракет көрүп, аларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бир аздан кийин ишкананын өкүлү чыгып, тургундар менен сүйлөштү.

Жыйынтыгында 40тай тургун заводдун иши, шарты жана Давыдов мөңгүсүнүн абалы менен таанышты. Алар ишкананын жетекчилигинин Жети-Өгүз районуна оорукана куруп, инфраструктураны жакшыртууну талап кылышты. Кумтөрдүн аймагына келген тургундардан улам Ысык-Көл облусунун ИИБынын жеке курамы шашылыш чогултулган.

 

 URL: http://kyrgyz.vb.kg/227280