Домой Коом Жети-Өгүздө болуп өткөн массалык башаламандыктарды тергөөнүн жүрүшүндө 130 күбө суракка алынды

Жети-Өгүздө болуп өткөн массалык башаламандыктарды тергөөнүн жүрүшүндө 130 күбө суракка алынды

2

1Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда болуп өткөн массалык башаламандыктар фактысы боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 223-беренесинин 1-2-бөлүктөрү менен карлаган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон. Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 27-майында Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жергиликтүү тургундардын, райондук бийликтин жана «Кумтөр Оперейтинг компани» ЖАКтын өкүлдөрүнүн жыйыны болгон. Жыйында жергиликтүү жашоочулар социалдык мүнөздөгү бир катар талаптарды коюшуп, бирок, бийлик менен ымалага келише алышкан эмес. 30-майда жергиликтүү тургундар «Барскоон-Кумтөр» технологиялык унаажолун бөгөп, «Кумтөргө» берилүүчү электр энергиясын өчүрүп салышкан. Кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө азыркы күнгө карата 130 күбө суракка алынды, 85 жабырлануучуга соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, азыркы тапта зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Айбат гезити