Домой Коом Жети-Өгүздө кайрадан митинг башталып, президенттин келишин талап кылууда

Жети-Өгүздө кайрадан митинг башталып, президенттин келишин талап кылууда

12

Жети-ӨгүзБүгүн, 27-июнда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында «Кумтөр» маселеси боюнча кайрадан эл чогула баштады. Бул тууралуу митингди уюштуруучулардын бири Каныбек Мадемилов билдирди, деп маалымдады аймактык кабарчы Сайкал Аттокурова.

Алар мурда коюлган талаптар аткарылбай жаткандыктан президенттин келишин талап кылышууда.

«Коюлган талаптар аткарылбай жатат. Биздин талап – Жогорку Кеңеш кезексиз сессия чакырып, «Кумтөр» маселесин чечип берсин. Андан тышкары, президент келишин талап кылып жатабыз. Эмне себептен «Кумтөр» маселеси чечилбей жатканын эл алдында жооп беришсин. Азыркы учурда Кызыл-Сууда лидерлер чогулуп башташты. Ал эми колдогон элдер айылда чогулуп атышат. Бүгүн бул жерге тийиштүү адамдар келип жооп бербесе, чечкиндүү кадамдарга барабыз», – дейт К.Мадемилов.

Булак : Баракелде