Домой Саясат Азыркы бийликтин «кризистик генералы» – Т.Мамытов

Азыркы бийликтин «кризистик генералы» – Т.Мамытов

5

ТТокон Мамытовокон Мамытов азыркы бийликтин «кризистик генералы» атыкты. Бул тууралуу «Фабула» гезити 18-июндагы санында маалымдайт.

Гезитте белгиленгендей, мурдагы жылдары коалициялык көпчүлүк ана ыдырайт, мына ыдырайт болуп, кырдаал курчуп бара жатканда Токон Мамытов «Ар-Намыстын» 10 депутатын жетелеп, коалициялык көпчүлүккө жөлөк-таяк болуп берип, чоң ишке жараган. Быйыл жыл башында Баткендеги Соң анклавында чек ара чатагы күч алып, кырдаал чыңалып турганда Чек ара кызматын башкарып, аз убакыттын ичинде абалды жайгарып берген. Жети-Өгүздө баш аламандык башталганда Ысык-Көлгө жетип барды.

«Эми минтип вице-премьерлик кызматка отурду. Бир айда үч маанилүү мамлекеттик кызматты алмаштырды», – дейт гезит.