Домой Коом Жети-Өгүздүктөр кайрадан “Кумтөргө” барчу жолду тособуз дешүүдө

Жети-Өгүздүктөр кайрадан “Кумтөргө” барчу жолду тособуз дешүүдө

11

жети-огузЖети-Өгүз районунун тургундары жакын арада “Кумтөр” маселеси чечилбесе кайрадан аталган алтын кенине барчу жолду тособуз дешүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыбыз Айзат Анарбекова билдирди. Айта кетсек, бүгүн, 27-июнда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында митинг өтүп, ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ЖКнын депутаттары, өкмөт өкүлдөрү катышып жатат.  КРнын коргоо жана коопсуздук боюнча вице-премьер-министри Токон Мамытов элди сабырдуулукка чакырып, өкмөткө мөөнөт берүүнү айтты. Бирок чогулгандар бул сунушка нааразычылык билдиришүүдө.