Домой Саясат Жирик, жаагыңды жапчы

Жирик, жаагыңды жапчы

9

Жириновский ВладимирРоссия МамДумасынын ЛДПР фракциясынын жетекчиси В. Жириновский оозуна алы жетпеген  баягы ит адатын дагы карматыптыр. Кечээ жакында Украинадагы саясий окуяларга  байланыштуу сөз сүйлөп “Борбордук Азия мамлекеттерин федерация кылып түзүп, алардын эгемендигин чектеш керек!”  -деп айтты. Бул В. Жириновскийдин ичкен ашына түкүргөн зөөкүрдүгү.

Өткөн кылымда 1933-жылы Германияда фашистер бийлике келгенде Европадагы алдуу еврейлер Америка материгин кача баштаган. Алсыздары “Освенциум”, “Бухенвальд” “Холохост” концлагерлеринде өрттөлүп, кырылып жок кылынган. Россиянын Европа бөлүгүндө  жашашкан еврейлер Борбордук Азияга жиберилген. Ошолордун арасында В. Жириновскийдин ата-энеси да болгон. Эгер, Жириктин ата-энесинин жашаган жери Европада болгондо, Гитлердин желдеттеринин жазасынан кутулушу күмөндүү болчу.  Ата Мекендик согуш убагында Россиядан Жириктин ата- энеси Казакстанга эвукацияланып келбегенде, бул ириң ооздун  бул жарыкка келиши да күмөн эле. Эми, бул эсирген еврей казак элинин тузуна түкүрүп, Борбордук Азиянын намысына тийип олтурат. Кыргызстанда согуш мезгилинде миңдеген еврейлер жан сактап калышкан.

Деги эле В. Жириновскийдин максаты эмнеде?

Ал, орус элине күйгөн, жан тарткан адамдай көрүнөт. Жакшы баамдаган адамга, анын максаты- орус элине карата башка элдердин жек көрүүсүн жаратып,  тымызын ортодо  улуттар арасында от жагуу. Анын башка максаты жок.

Акинай АЙДАРОВА

Айбат гезити №67