Домой Коом ЖМК: Кыргыз-тажик чек арасынан үй бүлөнү атып салышты

ЖМК: Кыргыз-тажик чек арасынан үй бүлөнү атып салышты

11

пистолетТажикстандын Кыргызстан менен чектеш Исфара шаарынан ок менен атып өлтүрүлгөн бир үй-бүлөнүн 5 мүчөсүнүн сөөгү табылды,- деп маалымдайт Asia-Plus.

Маалыматка ылайык, талаа күзөтчүсү Абдукаххор Халоковду, анын аялын, эки небереси жана жакын тууганын ок менен атып өлтүрүшкөн.

“Дыйкандардын күзөткө алынган дери Кыргызстан жана Тажикстан менен талашка түшүп келе жаткан аймакта жайгашкан. Андыктан жергиликтүү бийлик азырынча маалымат берүүдөн баш тартууда”, – деп маалымдайт шаардык администрация.

Бул окуяга байланыштуу Исфарага жогорку баскычтагы бийлик өкүлдөрүнүн келүүсү күтүлүүдө.

 

URL: http://kyrgyz.vb.kg/229220